Депутат Элмурза Сатыбалдиевдин Бишкектеги үйүнүн тосмосу бузулду

Бишкектин Шүкүров көчөсүндөгү №166 үйдүн тосмосу бузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев буга чейин мойнуна алгандай, үй ага таандык жана анын ичинде менчик бала бакча бар. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 27-сентябрдагы жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев вице-мэрден жол жана тротуар куруу боюнча көптөгөн долбоорлордо эмне үчүн жашыл аймак каралбай жатканын сураган.

Нурдан Орунтаев булар кытай грантынын эсебинен каржыланган долбоорлор деп жооп берди. Депутат аны токтотуп, анын жооп бербей эле маалымат берип жатканын айткан. «Иним, мен сага эскертип жатам. Сен күпүлдөбө, башка жерде күпүлдө. Бул Жогорку Кеңеш. Өзүңдү сыйлабасаң, бизди сыйла. Сыйлагың келбесе, сыйлатып алам», — деген ал.