«Сот чечимдерин аткаруу, анын ичинде көчүрүү жана объектилерди бузуу, тиешелүү ыйгарым укуктардын алкагында сот аткаруучулар тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери көчүрүү иштерине катышпайт жана бул маселелер боюнча процессуалдык чечимдерди кабыл алышпайт. Милиция кызматкерлери аткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн гана тартылган. Бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн», — деп жазылат маалыматта.
УКМКнын төрагасы «Укук коргоо органдарын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен системалуу иши тууралуу» комментарий берди
Президент, Жогорку Башкы командачы Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында, улуттук коопсуздук органдары Ички иштер министрлиги жана прокуратура органдары менен...












