Депутат Эрбаев: «Садыр Жапаров футболду жакшы ойнойт. Анын базасы бар»

Аргентина Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун алгачкы финалисти болгон. Ал эми түндө Франция менен Марокконун командалары беттешип, экинчи финалист аныкталды. Бул аралыкта Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” турнири өтүп жатат. Мындан улам, биз бул жолу соболду футболго арнамай болдук.

Депутат Алишев Эрбаев Аргентинанын курамасы Дүйнө чемпиону болот деп ойлойт. «Мен Мессинин оюнун жакшы көрөм. Адамгерчиилигин жактырам. Кечээ айтышты го исламды кабыл алды депчи. Ошондон кийин экинчи жолу аны урматтап калдым. «Мурас» турнирин көрө элекмин. Кимиси кандай ойнойт билбейм. Садыр Жапаров жакшы ойнойт деп ойлойм. Ал 5 жыл футбол боюнча факультетте окуган. Базасы бар го деп ойлойм», — деди ал.