Депутат Икрамов: «Жолдорду курууда долбоордук документтерди иштеп чыгууга чыгым көп кетет»

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Министрлер кабинети тарабынан сунушталган “Автомобиль жолдору жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Жыйында баяндама жасаган Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынганын эске салып, негизги максаттарды белгиледи. Тагыраагы, автомобиль жолдорунун тармагын кеңейтүү менен улуттук жолдор тармагын дүйнөлүк унаа тармагына ийгиликтүү интеграциялоо аркылуу экономиканын өсүүсүнө түрткү берүү, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, жолдордогу коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу максатында бизнестин жол жумуштарына жана инфратүзүмдүк долбоорлорго катышуусуна түрткү берүү боюнча шарттарды түзүү максатталган. Муну менен акы төлөнүүчү жолдор түшүнүгү киргизилүүдө.

Талкуу маалында “Сапарман” айдоочулар бирикмесинин төрагасы Максатбек Дүйшеев жолдорго акы төлөөгө каршы чыгып, жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. “Жол инфраструктурасы начар болуп туруп, кантип акы төлөнүүчү жолдорду киргизе аласыңар”, — деди ал.

Ал эми “EBS” ЖЧКсынын директору Талантбек Маткерим уулу бир катар көйгөйлөргө, анын ичинде габариттүү эмес жүктөрдү Кыргызстанга киргизүүгө уруксат алуу, салмактык жана габариттик көзөмөл пункттарынын иштешине көңүл бурду. Ошондой эле салмак-габариттик пункттардагы жабдууларды оңдоого бюджеттен каражат бөлүнбөй, анын кесепетинен көптөгөн пункттар иштебей жатканын баса белгиледи. Мындан тышкары, катышуучулар жолдорду паспорттоштуруу зарылчылыгын кошумчалашты.

Депутат Тазабек Икрамов Жол фондунун ишмердүүлүгүнө токтолуп, жолдорду курууда долбоордук документтерди иштеп чыгууга кеткен чыгым көп экенин билдирди. “Көптөгөн айыл өкмөттөр дотацияда, документти иштеп чыгууга каражаты жок”, — деген депутат, аталган маселени да кароону сунуштады.

Депутат Дастан Жумабеков болсо салыктан түшкөн каражаттарды жолдорду курууга жана реконструкциялоого багыттоону демилгелеп, муну менен катар жолдорду куруу иштеринин сапатына көңүл бурду.

Депутаттар Улугбек Ормонов менен Элдар Сулайманов жол жээгиндеги тилкени ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер боюнча маселени көтөрүп, жол жана жол жээгиндеги тейлөө объекттерин өнүктүрүү, жакшыртуу жана жайгаштыруу боюнча маселеге токтолушту.

Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков жеке менчик автожолдор менчик ээлеринин чечими менен жалпы пайдалануу үчүн ачылат деген норма киргизилип жатканын сынга алды. Анын пикиринде, бул эреже менчик ээлерине жолдорду каалагандай ачып-жабууга мүмкүндүк берет.

Парламенттик угуунун жыйынтыгы менен тармактык комитет катышуучулар тарабынан айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди карайт.