Депутат Кадырбеков: «Сахарово борборунан текшерилген Кыргыз жарандарынын көбүнөн венерологиялык оору чыгып жатыптыр»

«Сахарово борборунан текшерилген Кыргыз жарандарынын көбүнөн венерологиялык оору чыгып жатыптыр». Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңеште депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

«Москванын Сахарово миграциялык борборунда мекендештер кезекке туруп, 5700 рубль төлөп, медициналык кароодон өтүшөт. Анан көпчүлүгү венерологиялык оорулар менен чыгып жатыптыр. Мындан улам, жакшынакай үй-бүлөсү барлардын үй-бүлөсү бузулуп жатыптыр. 60 жаштагы аялдан да бул оору аныкталыптыр. Ошолордун баарын бир эле клиникага жөнөтүп жатышыптыр. Ал жерден 18 миң рубль менен дарыланышат экен. Коррупция дейбизби, же башкабы, бул жерде биздин жарандардын эсебинен иш кылгандай сезилип жатат. Эмне үчүн Орусияда биздин жарандарга карата мындай мамиле болуп жатат?» — деп суроо салды депутат.