Баткендеги чек арадагы окуяда Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган 21 жаштагы аскер кызматкери дайынсыз жоголуп, ата-энеси катуу тынчсызданып жатканын 27-сентябрда депутат Дастан Жумабеков билдирди.
Ал аталган комитеттин төрагасы Медербек Алиевден күч түзүмдөрүнө аскер кызматкерин издөө боюнча маалымат берүү боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.
- Талас облусунун кулуну, Баткенде кызмат өтөп жүргөн Дастан Анарбеков учурда дайынсыз болууда. «15-сентябрь күнү кечинде Дастанды каза болду, сөөгүн алып кеткиле деп бизге кабарлашкан. Бирок сөөк башка баланыкы экен. Ошондон бери тирүү же өлүгүн биле албай жүрөгүбүз ордунда эмес. Инимди тиешелүү органдар издеп жатабыз деп жатышат, бирок азырга чейин маалымат жок», — дейт эжеси. Белгилей кетсек, Дастандын сүрөтү каза болгон жоокерлердин арасына кошулуп коомчулукка жарыяланып кеткен. Жакындары дагы деле инисинин дайынын таппай жатканын айтышат.