Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына мамлекеттик тилдин колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун талкуулап жатышат.
Депутат Бактыбек Сыдыков бул мыйзамга каршылыгын билдирди. «Кыргыз тил боюнча эч кимде нааразычылык жок. Бир нерсени системдүү кылсак. Оюбузга келгенди киргизип, анан мыйзам кылбай. Менин мектепти бүткөнүмө 35 жылдан ашты. Кыргыз тилин билбегениме мен күнөөлүүмүнбү? Туура, менде да күнөө бар. Окуган жокмун. Орусияда жүрдүм. Орусияда окууну бүттүм. Азыркы балдардын көбү Европада окуп жатышат. Аларда эмне күнөө? Мектепте биринчи окуталы. Калп эле патриот боло бербегиле, патриотуулук деген башка. Асылган 90 депутат калдыбы? Ушуларды кыргыз тил менен өткөрбөй коёлу деп. Жогорку окуу жайда 80 пайыз студденттер орусча окуп жатышат. Эмне жалганбы? Эмнеге ошондон баштабайсыңар? Биринчи окуталы анан талап кылалы. Өзүңөрдүн балдарыңар орусча сүйлөшөт. Кыргыз тил деп эле кыйын боло бербей. Мен кыргыз тилин билем, коркпойм, башка улуттарды сыйлайлы»,— деди депутат.