Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев фракциянын 10 мүнөтүн алып, өз сүйлөдү. Ал Кыргызстанда жашаган бардык улуттун өкүлдөрүн аскерге барууга чакырды.
«Аскердик түзүмдү жарандар түзөт. Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Бирок аскердик кызмат өтөөгө келгенде 90 пайызы улуту кыргыз болгон инсандар өтөт экен. Кыргызстанда туулгандан кийин аскердик милдет өтөөгө баарыбыз милдеттүбүз. Бул улутчулдук маселени көтөрүү эмес, укугубуз менен милдеттерибизди, жоопкерчилигибизди бирдей билели деп жатабыз. Рассалык, диндик бөлүшүү болбош керек. Кыргызстанда жашаган бардык улут ынтымакта жашайбыз»,- деди ал.












