Депутат: «Кыргызстанга мүшөктөп рубль келип, доллар чыгарылып жатат»

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар “Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамынын долбоорун биринчи окууда карашты. 

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Украинадагы согуш башталгандан бери Орусия Кыргызстандан доллар алып чыгып жатат деп эсептейт. Анын айтымында, аэропортто дээрлик ар бир кызматкер үлүштө отурат. «Кыргызстанга рубль каптар менен келет, ал эми накталай долларлар чыгарылат. Эмнеге муну көрбөй жатасыңар?» — деп ал сурады.

Депутат президенттин жана Министрлер кабинетинин туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытовдон бул маселе менен алектенүүнү жана бул ишке УКМКны тартууну өтүндү. Анын айтымында, накталай долларлар Ош шаарынан Дубайга, Стамбулга, Орусияга кап менен чыгарылат. «Ошондуктан карапайым калк банктардан доллар сатып ала албайт жатат жана ар бир адамга 100 доллар деген чек бар», — деди ал.