Депутат Масалиев: «Алымкадыр Бейшеналиев кээде артисттей эле жооп берет»

Бир аптадан бери 4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тиреши уланып келет.

Мындан улам SUPERTV каналы Жогорку Кеңештин депутаттарына «Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун Тез жардам ооруканасы кылып өзгөртүүгө кандай көз караштасыз? Сабырбек Жумабеков менен Алымкадыр Бейшеналиевдин тирешинде чындык ким тарапта деп ойлойсуз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Исхак Масалиев 4-оорукана мурда эле тез жардам ооруканасы болчу деп эсептейт. «Ал жерге кырсыкка кабылган адамдын бардыгын алып барышчу да. Тез жардам болчу. Эмне өзгөрдү билбейм. Алымкадыр Бейшеналиев кээде артисттей эле жооп берип жатат. Негизи ортопедия бизге керек», — деди ал.