Депутат министрге: «Сузактагы окуучу кыздын чөгөлөп кечирим сураганына көз карашыңыз кандай?»

Депутат Айбек Маткеримов “Сузак районундагы №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде окуучу кыз чөгөлөп кечирим сураган видео боюнча көз карашыңыз кандай?” деген суроо менен билим берүү министри Каныбек Иманалиевге кайрылды.

«Азыр жооп берет. Бул боюнча иликтөө жүргүздүк», — деди министр.

«Бул боюнча иликтөө жүрүп, учурда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына жана мектеп жетекчисине, тиешелүү мугалимге чара көрүү маселеси каралып жатат», — деп жооп берди министрликтин өкүлү.