Депутат Орозайым Нарматова дипломун мыйзамсыз алган делген иш боюнча соцтармакта кандай талкуу болуп жатат?

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтымында, Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованы куугунтуктоонун максаты түшүнүксүз.

Экс-депутат Феликс Кулов бул иш боюнча ага бир катар суроолор берилип жатканын билдирди. «Нарматованы эмне күтүп турат, аны камакка алышабы?», «Мыйзамда депутат жогорку билимдүү болушу керек деп жазылган да, анда Нарматова мандатын өткөрүп береби?» деген өңдүү суроолорго өз жообун берген.

«Депутат жогорку билимдүү болсо эң сонун, бирок ал мыйзам менен юридикалык критерийге айланбашы керек. Башкача айтканда, депутат универди бүткөнбү же бүтпөгөнбү депутаттан юридикалык талап кылынчу шарт болбошу зарыл», — деп жазган саясат таануучу Сейтек Качкынбаев.

Журналист Канышай Мамыркулова бардык саясатчылардын дипломун текшерүү керектигин айтат.

Арген Нуров аттуу колдонуучу «Эгер УКМК мындан ары ушул логика менен кетсе, мигрант студенттердин көпчүлүгүнүн диплому жараксыз болуш керек. Андай кылбайт. Бул саясий заказ» деген билдирүү жарыялаган.

«Бийлик башындагылардын үйүндө Орозайымдай өсүп келе жаткан кыздары бар. Жок дегенде өз кызыңарды Нарматованын ордуна койгула», — дейт Эрнис Нурдин аттуу колдонуучу.