Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын активисттери жана жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан аймакта курч турган бир катар маселелер көтөрүлдү. Атап айтканда, ички көчөлөрдүн абалы жана жолдорду оңдоо зарылдыгы, түнкү жарыктандыруунун жетишсиздиги, таза ичүүчү суу маселеси, бала бакчалар менен мектептердеги орундардын тартыштыгы, таштандыларды өз убагында чыгаруу жана санитардык абалды жакшыртуу маселелери айтылды.
Мындан тышкары, социалдык жөлөкпулдарга жана башка жардамдарга жетүүдө жаралган тоскоолдуктар боюнча да суроолор берилди.
Эл өкүлү Эльдар Сулайманов жарандардын кайрылууларын кунт коюп угуп, бардык маселелер тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткириле турганын жана жеке көзөмөлүнө аларын билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram












