Бул мыйзам кыргыз элине болгон кыянаттык. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.
Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына мамлекеттик тилдин колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап жатышат.
«Бул президентке кылган саботаж. Өкмөт ушул мыйзамды кантип алып келдиңер? Коомдо бийликке болгон ишеним күч болуп жатканда бул мыйзамды эмне алып келдиңер? Кыргыз тилин билбесе, класстан класска көчпөйт дегениңер кандай? Элде көтөрүлүш чыгат. Сонун мыйзамды саясатташтырып өлтүрдүңөр. Парламентке орус улутундагы депутат кантип келет? Казагы мейли, түркмөнү мейли түрк тилдүү элбиз. Орус, немис, башка улуттагылар кантип депутат болот? Алар эл эмеспи? Кыргыз элбиз, калганы эл эмеспи?»,- деди депутат.