Депутат Токторбаев: «Карылар үйүндөгү 95 кишинин 85и кыргыз экен. Пенсиясын таштап кеткен баласына бергени жүрөгүмдү оорутту»

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Жалал-Абад облусунун Сузактагы улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык-стационардык мекемесине барды. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Жашоо-турмушу, тамак-ашы, шарттары жалпысынан жакшы экен. Кир жуугуч жери менен мончосунун абалы начар болгондуктан, долбоор жазып өткөрө албай жатканын айтышты. Аны жеке жоопкерчилигиме алып, аягына чейин чыгууга сөз бердим. Буюрса бардык шарттарын түзүүгө сөзсүз көмөк көрсөтөм», — деп жазды ал.

Депутат жагымсыз жагдайга туш болгонун да билдирип өткөн. «Аталган мекемеде жалпысынан 95 адам күн кечирип келет. 10у башка улуттун өкүлдөрү болсо, калган 85и кыргыз улутундагылар экени чындыгында аябай жүрөгүмдү оорутту. Стационарга таштап эле кетпестен, пенсиясын алып жеп отургандардын абийирин кечирүү мүмкүн эмес. Ата-эне ошондо да балама болсун деп пенсиясын берип, багып отурганын көргөндө жүрөгүм ооруду. Мамлекеттик идеологияны күчөтүп, мындай кечирилгис жоруктарды жоготуу керекпиз. Буюрса, мындай тескери көрүнүш боюнча да алдыда алгылыктуу кадамдарды жасайбыз», — деп жазды ал.