Кечээ, 29-майда Бишкек шаарынын Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо биринчиликти алган талапкер Дамира Ниязалиеванын офисинде тинтүү жүрдү.
Маалыматтарга караганда кеңсенин эшигин жаап, мөөр басып кетишкен.
Социалдык тармактарда добуш сатып алууну талкуулаган аудио жазуу тарап, аудиодогу үндү уккандар аны талапкер Дамира Ниязалиевага таандык деп болжошууда. Ал эми өзү бул боюнча журналситтерге комментарий бере элек.