Диктор Тамара Жаманбаеванын сөөгү "Ала-Арчага" коюлду
30-сентябрда Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү диктор Тамара Бакиева-Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Аза күтүү зыйнатында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Мамытканов сөз сүйлөп, Тамара Жаманбаеванын кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев да зыйнатка катышып, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ошондой эле Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Улан Сатиев, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, эл аралык «Руханият» ассоциациясынын президенти Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшан Молдоева жана жакындарынын атынан Марат Жаманбаев сөз сүйлөп, Тамара Жаманбаеванын өмүр жолу жана чыгармачылык мурасы тууралуу эскеришти.
Тамара Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган. Эмгек жолун 1959-жылы Кыргыз телевидениесинде диктор болуп баштап, көп жылдар бою телерадио тармагында эмгектенип, редактордук жана жетекчилик кызматтарды аркалаган. Ал кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, жаш журналисттерди, алып баруучуларды жана дикторлорду даярдоого өзгөчө көңүл бурган. Кесиптик ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына жана бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыган.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан соң Тамара Жаманбаеванын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.