Диплом текшерүүдөн кийин Кочкордо мугалим өз жанын кыйды

Диплом текшерүүдөн кийин Кочкор районунда башталгыч класстардын мугалими өз жанын кыйды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Маркум эмгектенген мектептин директору окуя боюнча төмөндөгүдөй айтып берген: «Ал 2010-жылдан бери башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп келчү. Бир ай мурда райондук прокуратура тарабынан мугалимдердин дипломдору текшериле башталган. Февраль айынын соңунда прокурорлор мага байланышып, мугалимдин келип кетишин айтышкан. 7-мартта ал менден суранып кетти. Эртеси, 8-мартта ден соолугуна байланыштуу иштен кетип жаткандыгын айтып арызын көтөрүп келди. Мен ага 4-классты окуу жылынын аягына чейин окутуп, андан кийин жумуштан кетүүсүн айттым. Бирок ал менин сөзүмдү уккан жок. Кийин ал диплому жасалма экенин жана бул мыйзам бузуу үчүн өтө чоң айып пул төлөп калуудан чочулап жатканын айтты. Ушундан улам, иштен кетип жатканын да билдирди. 9-мартта мен иштер менен райондук билим берүү бөлүмүнө баргам. Райондон айылга кайтып келе жатсам, прокуратурадан чалып, мугалимдин келиши керектигин, бирок кечигип жатканын айтышты. Мен мугалимге чалдым, ал кийинип жатканын билдирди. Ошондон кийин сүйлөшкөн жокмун. Мектепке келсем, башка мугалимдер анын асынып алганын айтышты. Биздин акыркы телефондогу сүйлөшүүбүз менен суук кабарды укканга чейин аралык 20 мүнөттөй эле болгон».