Дмитриевка айылында Ички иштер министрлиги менен УКМКнын атайын операциясынын жүрүшүндө жаракат алган күч органдарынын кызматкеринин ден соолугунун абалы туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, операциядан кийин ал бөлүмгө которулган.
Кечээ, 17-майда саат 10:45те жабырлануучу 1991-жылы туулган жаран сол бутуна ок тийип, санитардык авиациянын линиясы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген. Ага операция жасалды: бөтөн нерсени алып салуу жана жамбаштын сыныгын Хофман аппараты менен бекитүү.
Жаракат алган коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин бирине жеринде амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.