Тажикстандын кол салуусунан бери дайынсыз болуп жаткан аскер кызматкери Дастан Анарбековдун азыркыга чейин дайыны жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын апасы билдирди.
«Уулум табыла элек. УКМК эч нерсе дей элек. ДНК-анализ 1 айдан кийин даяр болот дешкен. Буюрса, 20-октябрларда даяр болуп калат»,- деди ал.
Буга чейин Талас облусунун кулуну, Баткенде кызмат өтөп жүргөн аскер кызматкеринин жакындары СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 15-сентябрда «Дастан каза болду, сөөгүн алып кеткиле» дешип, бирок барганда сөөк башка адамга таандык болуп чыкканын айтышкан.












