Министр Догдуркүл Кендирбаева азырынча өкмөттөн министрликти бөлүү процессин 1-2 жылга токтотуп турууну өтүнгөнүн маалымдады.
«Учурда системалык трансформация жүрүп жаткандыктан, бөлүнүү өзүнүн натыйжасын бир аз жакшы бере албайт дейбиз. Себеби 85тен ашуун жогорку окуу жайы жана Улуттук илимдер академиясы бар. Ошондуктан кошумча бюрократиялык уюм түзүү тажрыйбасын эске алуу менен Министрлер кабинетине жок дегенде, бөлүнүүнү 1-2 жыл кармап турууну сунуштадык. Чечим кандай алынаары азырынча белгисиз», — деди Кендирбаева.
Жогорку Кеңештин төрагасы ведомство чоң тармак экенин, ишин так аткарууга жетишпей жатканын айткан. Нурланбек Тургунбек уулу 2025-жылы мектепке чейинки жана мектеп билими өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогорку билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлөрүн билдирген.