Abank july
SerepTV Logo

Дөөлөт Сыдыков Ошто үч күн манас айтты (сүрөт)

Дөөлөт Сыдыков Ошто үч күн манас айтты (сүрөт)
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ош шаарында уюштурулган үч күндүк манас айтуу иш-чарасында үч күн манас айтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарага Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов жана шаар тургундары катышып, манасчы Дөөлөт Сыдыковго жакшы тилектерин айтышты. Ошондой эле шаар башчысы үй-бүлөсүнүн атынан манасчыга акчалай сыйлык тапшырып, Ош мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады. Белгилей кетсек, Дөөлөт Сыдыков өткөн жылдын 13-ноябрында Бишкектин борбордук аянтында 14 саат 27 мүнөт манас айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген.
Unknown Author