«Дордой» базарында жолдорду реконструкциялоонун экинчи этабы уланууда
22-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Түндүк айланма жол тарабынан Чымкент токтотмо жайына алып баруучу Безымянная көчөсүнүн жаңыланган бөлүгүн ачты. Бул иштер «Дордой» базарынын аймагындагы жолдорду реконструкциялоонун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.
Жолдун асфальт-бетону жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана ирригациялык система курулду. Жөө жүргүнчүлөр үчүн инфраструктуранын түзүлүшү тургундардын, ишкерлердин жана базарга келгендердин коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылууга шарт түзөт. Иштерди каржылоо «Дордой» базарынын ээлери жана ишкер субъекттери тарабынан жүргүзүлдү. Подряддык уюм катары «Каменная дорога Бишкек» ЖЧКсы тартылды.
Жолдорду реконструкциялоо иштери кыймылдын интенсивдүүлүгү жогору болгон аймактагы жол инфраструктурасын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. Мында жөө жүргүнчүлөрдүн жана автоунаа айдоочуларынын коопсуз жүрүүсүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Экинчи этаптын алкагында кийинки оңдоло турган объект — Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолго чейинки Элебесов көчөсүнүн бөлүгү.