Достору менен Нарындан Бишкекке кеткен Дайырбек уулу Болотбек 2 жылдан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө Дайырбек уулу Болотбекти издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 26-январында Нарын ОИИБге Дайырбек уулу Темирлан кайрылып, агасы 1993-жылы туулган Дайырбек уулу Болотбек 19-январда достору менен Бишкекке кеткен бойдон кайтып барбаганын билдирген. Арыз катталып, иш Аламүдүн РИИБге өткөрүп берилген.

2022-жылдын 10-февралында издөө иштери башталган. Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жатат. Кимде сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат болсо, 0312 363523, 0500190151, 0501230290 номурларына чалсаңар болот.