Эдил Байсалов Бакыт Асанбаев тууралуу: «Өз жанын кыйган. Муну видеотасмалар тастыктап турат»

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Айыл банктын» мурдагы бөлүм башчысы Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганын билдирди. Бул тууралуу ал журналисттерге УКМКнын СИЗОсуна барганда айтты.

Анын айтымында, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, эки жуманын ичинде корутундусу даяр болот. Байсалов өзү жетектеген комиссиянын алдында тергөө абагында жайгашкан байкоочу камералардагы видеону карап чыкканын айтты. «Кечээ биз видео жазууну көрдүк. Түз факты жок, бирок кыйыр маалыматтар боюнча бардыгы 99,9999 пайызга жокко чыгарылган, ал камерада жалгыз болгон. Ал жерде көлөкөсүнөн адамдын өз жанын кыйганы көрүнүп турат. Буга үй-бүлө мүчөлөрү да ишенди», — деди ал.