Ээрчише баскан экс-премьерлердин сүрөтү соцтармакта жарыяланды
"Таласта Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө бара жаткан Кыргызстандагы төрт мурдагы премьер-министрди — Акылбек Жапаровду, Темир Сариевди, Өмүрбек Бабановду жана Жоомарт Оторбаевди — чогуу көрүү биздин саясат үчүн сейрек көрүнүш десек болот". Бул тууралуу соцтармакта билдирүү жарыяланып, ага сүрөт да тиркелген.
"Алардын ар бири өз убагында өкмөттү жетектеген. Ал эми бүгүн алар бир өлкөнүн жарандары катары катарлаш басып бара жатышат. Бул, албетте, кубандырат. Анткени саясий күрөш кастыкка айланбашы керек. Дүйнөлүк практикада мурдагы жетекчилердин мамлекеттик салтанаттарга чогуу катышуусу кадимки көрүнүш болуп эсептелет. Маселен, 2024-жылы Лондондогу Кенотаф мемориалынын жанында ар кайсы партиялардын жана саясий доорлордун өкүлү болгон Британиянын сегиз мурдагы премьер-министри чогулган.
P.S. Мен үчүн бүгүнкү күндүн эң таасирдүү көрүнүшү дал ушул болду: кызматтан кеткенден жана саясий пикир келишпестиктерден кийин да адамдар бири-бирине жакын бойдон кала аларын көрүү", - деп жазылат билдирүүдө.