«Эгер менден ката кетип калса, кечирип коюңуздар». Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурады

«Менин таластыктар боюнча айтканымды башкача кылып жанымдагы профессор эле тартып аткан. Ошол чыгарып ийиптир». Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Видеонун бир жагын калтырып, бир жагын эле чыгарып ийиптир. Мени таластыктарга каршы келтирип жатат. Бирок мен ушул жерден айтып коёт элем. Эгер менден ката кетип калса, кечирип коюңуздар», — деди ал.

Буга чейин соцтармактарга видео тараган. Анда министр 4-оорукананын башчылыгына таластык эместерди дайындаш керек деген.