Екатеринбургда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыргызстандык табылды

Екатеринбург шаарында мурда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыргызстандык табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Буга чейин Екатеринбургда кыргызстандык жоголуп кеткени маалымдалган. Ал 21-апрель күнү эртең менен саат 7де мектепке кетип, үйүнө кайтып барган эмес. 22-апрелде окуучунун ата-энеси Орусиянын ИИМинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын №11 милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.