Екатеринбургда мигранттарды каздай болуп бастыргандарды жоопко тартууну суранышты
Буга чейин соцтармакта Екатеринбургда курулуш жеринде мыйзамсыз иштегендерди издөө учурунда милиция жана прокуратура кызматкерлеринин чет өлкөлүк жумушчуларга орой мамиле жасаганы тартылган видео тараган. Анда баш-аягы 150дөй мигрант текшерүүдөн өткөнү жана анын ичинен төртөөнө аскердик комитетке повестка карматылганы" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/turkun-duino/ekaterinburgda-migranttardy-shyldyndoo-okuyasy-teksherilet/"> айтылат. ТИМ маалымат таратып, алардын арасында 40 Кыргыз жараны болгонун билдирген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ekaterinburgdagy-migranttardy-shyldyndoo-arasynda-40-kyrgyz-jarany-bolgonun-timden-bildirishti/">билдирген.
25-январда Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун демилгеси менен консул жана Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басарынын жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы ушул жылдын 17-январында Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Екатеринбургдагы курулуш объектисинде эмгек мигранттарды, алардын ичинде Кыргыз жарандарын рейд учурунда тизелетип, каздай болуп бастыргандыгы болду.
Консул тегине жана жарандыгына карабастан ар бир жаранга карата текшерүү иштерин жүргүзүүдө мындай ыкмаларды колдонууга жол берилбестигин белгиледи. Дипломат өкүлчүлүктөн Орусиянын Свердлов облусунун көзөмөл органы тарабынан мыйзамдуу эмгек жүргүзүп жатышкан Кыргыз жарандарынын ар-намысын басмырлаган мындай ыкмалардын укук коргоо органдары тарабынан колдонулушунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү жана адам укуктарын бузгандарды жоопко тартууну өтүндү.
Өз кезегинде Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары орус тарап бул маселени иликтеп жатканын жана жакын арада Башкы консулдукка расмий жооп жөнөтүлө тургандыгын билдирди.