Эки округда кайра шайлоо 27-февралда өтөт

27-февралда №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу БШКнын жыйынында белгилүү болду.

Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кайра шайлоонун календарлык планын бекитти.

Эскерте кетсек, аталган округдарда кайра шайлоо өткөрүлөт, анткени аларда көпчүлүк добушту “бардыгына каршы” алган жана шайлоо жараксыз деп табылган.