Экология министри: «2010-2019-жылдары каза болгондордун 12-13 пайызына түтүн себеп болгон»

2010-2019-жылдары түтүн калктын өлүмүнүн 12-13 пайызына себеп болгон. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология министри Мелис Тургунбаев түтүн менен күрөшүү боюнча тегерек столдо билдирди. 

«Абанын булганышына байланыштуу саламаттыкты сактоого кеткен чыгым дээрлик 400 миллион долларды түздү», — деди Тургунбаев.

Министр белгилегендей, тез арада түтүн менен күрөшүү боюнча чечим кабыл алуу жана чараларды көрүү зарыл. «Министрлер кабинети абанын сапатын жакшыртуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет. Маселени иш жүзүндө чечүүдө эксперттер жардам берет деп ишенем», — деди ал.