Экономика министри: «Кыргызстан күйүүчү майдын кымбатташына даяр болушу керек»

Күйүүчү-майлоочу майдын баасын кармап туруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Ал коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу күйүүчү-майлоочу майдын баасынын төмөндүгүн белгиледи.

«Бизде мамлекеттик көзөмөлдөн улам күйүүчү майдын баасы эң арзан. Бирок мындан ары Кыргызстанда бааны кармап тура албайбыз. Аймактар боюнча бааны теңдөөгө даяр болушубуз шарт. Электр мобиль колдонууга өтүшүбүз зарыл», — деди ал.