Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Ош облусунда 5-кабаттан секирген окуучу кыздар тууралуу маалымат берилди.
Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Нуржан Адылова Ошто катталган факты боюнча маалымат берди. «Бул бала секирип кеткен. Экинчи жолу 2 кыз секирип жатат. Бир баланы эки кыз сүйүп жатат. Бала сүйүүсүнө жетпей секирип кеткен. Бул тергөөдө аныкталып жатат. Ал эми тиги эки кыз баланы сүйүп жүрүп, биз да анын аркасынан секирип кетебиз деп ушул жолго барып жатат», — деди ал.
Ошондой эле ата-энелер арыз жазуудан баш тартканы маалым болду.
17-мартта Ошто көп кабаттуу үйдөн эки окуучу кыз боюн таштап жиберип, бири мүрт кеткени маалым болгон. Ошол эле үйдөн 24-февралда окуучу бала боюн таштап, каза болгон. Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, эки окуядагы үч окуучу тең Карл Маркс атындагы мектептин 7-классында билим алып келишкен.
Урматтуу Супер медиа, такталбаган маалыматты таркатуудан алыс болууга сиздерди чакырып кетем.
Ата энелери кан жутуп, кайгырып отурганда коомчулукка ушундай маалыматтарды чыгаруу туура эмес. Аты жаман суицидтин аты аталган сайын, өспүрүмдөрдүн аң сезимине сиңет, психикалык жактан жабыркайт жана ички жан дүйнөсүндө, кайсы бир мезгилде кыйынчылыкка дуушар болсо өзүнүн жанын кыюу жолу да бар экендигин оюна түйүп жүрүшөт.
Мындай оор күндү эч кимдин башына салбасын. Эч бир ата эне балам деп сыздабасын.
Акыркы болуп жаткан өспүрүмдөрдүн кайгылуу окуяларын токтотууда биз жалпы коомчулук күрөшүүбүз керек. Бала тарбиялоодо буга чейинки убакыттарда эне же мугалим жетиштүү болгон болсо, азыркы өспүрүмдөргө жалпы коомчулуктун тарбиясы керектелүүчү заманга келип калдык. Ар тараптан, массалык маалымдоо каражаттары, ата-энелер, мугалимдер таалим -тарбия, улуттук идеология туурасында маалымат берүүчү, билимдүү болууга чакыруучу бутакка айланбасак, кийинки жаш муундардын мекенчил сезимдерин жоготуу алдында турабыз.
Эң туура жазыпсыз, чындап эле азыркы коом туураны да туура эмести да чагылдырып жатат. Жаңы өсүп келе жаткан жеткинчектерге туура эместин залакасын да түшундүрүү керек. Өтө оор заманда жашап жатабыз.