6-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абировдун атасы Болотбек Абиров көз жумган. Мурдагы эл өкүлү соцтармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.
«Жакын адамыңды жоготуу оор, жан дүйнөң ээнсирей түшөт. Эки күн мурун менин аска-зоом, тирегим болгон атам акка моюн сунду. Ал мага жашоодогу кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө, өз принциптериңден тайбоого үйрөткөн. Мен атама татыктуу уул болууга, ал үйрөткөндөй ар-намыс, адамдарга болгон ишеним, сүйүү менен өмүр сүрүүгө аракет кылууга убада берем», — деп жазылат билдирүүдө.