Abank_nov
SerepTV Logo

Экс-депутат Аида Салянова: "Алайкуу тургундарынын жөнөкөй куран окутуусуна күбө болдум"

Экс-депутат Аида Салянова: "Алайкуу тургундарынын жөнөкөй куран окутуусуна күбө болдум"
"Бир кезде мен ашыкча чыгымга каршы мыйзам демилгеледим, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүн чектөө беренелери дагы бар эле. Тилекке каршы ал мыйзам долбоору четке кагылган. Бирок  туугандар, салт-санааны мыйзам гана эмес, адамдардын жеке үлгүсү да өзгөртөт". Бул тууралуу экс-депутат Аида Салянова соцтармактагы баракчасына жазды.

"Жакында эле өтө жөнөкөй куран окутууга күбө болдум. Дасторконго нан жана шакарап гана коюлуптур. Бул Алайкуу элинин салттуу жөрөлгөсү экен. Эң маанилүүсү, мындай дасторконду жайган адамдардын шарты жоктуктан эмес, мүмкүнчүлүгү болуп туруп, жөнөкөйлүктү тандаганында болду.

Көпчүлүгүбүз болсо маркумга болгон урмат-сыйды, анын арбагына таазим кылууну дасторкондогу тамак-аштын көптүгү, коноктордун саны менен өлчөөнү улантып келебиз? Чынында, «эл эмне дейт?», «элден кем калбайлы» деген түшүнүктөрдөн арылыш үчүн адамга болгону ички эркиндик жана жарандык эрдик керек. Максат салтты жокко чыгаруу эмес, анын чыныгы маанисин сактоодо. Арбакка болгон урмат тирүүлөргө оорчулук жаратпашы керек. Кээде коомду өзгөртүү үчүн кимдир бирөөнүн биринчи болуп башкача кадам жасоого батынганы маанилүү", - деп жазылат билдирдүүдө.

SEREP MEDIA