Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Пирматовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Исхак Пирматов тергөө менен кызматташа баштаган.
Мурдагы депутат 31-майда УКМК тарабынан кармалып, анын коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Анын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 31-июлга дейре УКМКнын СИЗОсуна камалган. Ал эми 13-июлда ден соолугуна байланыштуу «Бикард» менчик клиникасына жаткырылганы айтылган.