Кечээ, 1-июнда экс-депутат Жылдызкан Жолдошова экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалын сурап, ооруканага барды. Бул тууралуу саяатчы соцтармактагы баракчасына жазды.
«Аз убакыттын ичинде көптү сүйлөшө алдык. Менин Алмазбек Шаршеновичке жолукканымдын эки себеби бар. Биринчисиден, 2010-жылдан 2015-жылга дейре, болгондо да өтө оор жылдары бирге иштедик. Саясатчы катары, көптөгөн талаш-тартыш, кээде келишпестиктер орун алды. Ошого карабастан, Апрель-Июнь окуяларынан кийин мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин ынтымагын сактай алдык. Экинчиден, менин камалган коллегаларым Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Нариман Түлеев, Ахматбек Келдибеков жана башкалар ооруп калышса, ооруканага чыгарып берүүсүн суранып киргенимде, Алмазбек Шаршенович эч качан «жок» дебейт эле. Күч органдары үйлөрүн адилетсиз конфискациялап жатышканда да, кирип айтсаң угуп, ата-энелеринин үйлөрүнө тийгизчү эмес. Керек болсо, орчундуу бизнестерине да кол салууга бөгөт коюп койгон эле. Бул да чындык, жеке өзүм күбө болдум», — деп жазды экс-депутат.
Саясатчы айым ырымдап, ден соолуктун жана эркиндиктин символу болгон сары көйнөгүн атайын кийип барганын да кошумчалай кеткен.