Элчилик: Украинада атайын операциянын жүрүшүндө Исламжон Камилов каза болду

Иллюстрация

Украинада атайын операциянын жүрүшүндө согуштук милдетин аткарууда Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Исламжон Камилов каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты.

Орусиянын жарандыгын алган Исламжон Камилов Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн келишимдик негиздеги аскер кызматкери болгон. Анын сөөгү Өзгөнгө алып келинери маалымдалган.

Буга чейин 25-мартта Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоев аттуу кыргыз жигиттин сөөгү Ысык-Көлдө жерге берилген. Бул окуяга удаа эле 27-мартта Украинада каза болгон Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтада жерге берилген. Экөөнүн тең сөөгү Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу мекенине жеткирилген болчу.