Кечээ, 19-июлда президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучулар менен сүрөткө түшүп жаткандагы видеосу тараган. Ошол эле учурда өлкө башчы менен сүрөткө түшкөн жарандын сүрөтү жарыяланды.
Сүрөт коомчулук тарабынан кызуу талкууга түштү. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары ага карата сын-пикирлерин айтса, айрымдары позитивдүү комментарийлерди жазып жатышат. Алардын арасында: «Ажо менен сүрөткө түшкөн ар кимге эле туш болбосо керек. Кандай болсо да эстелик, президент менен сүрөткө түшкөндү насип кылыптыр» деп жазгандары болсо, кээ бирлери «президентти көрүп толкунданып кетип, үстүнкү кийимин унутуп калган окшойт» дешүүдө.
Бул сүрөт боюнча ырчы Урмат Усенов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына «элдин курсагы ток эле экен» деген билдирүү калтырган.
Ал эми айрымдар көлдүн жээгинде мындай жүрүш кадимки эле көрүнүш экенин эске салышууда. Ошол эле учурда аны бактылуу адам санагандары дагы бар.