Кечээ, 20-июнда Бишкекте «Кыргыз элечек — Жибек жолунун жүрөгү» көргөзмөсү болуп өткөн. Көргөзмөдө актриса Элина Абай кызы ак элечек кийип, сахнада басып, күйөрмандарын кубантты.
Социалдык тармактагы баракчасында жүктөгөн видеосунун алдында ага чыгармачылык ийгилик каалашып, кайрадан сахнада көргөндөрүнө кубанычта экенин жазышты.
Эске салсак, Элина Абай кызы «Курманжан Датка» тасмасында Курманжан Датканын ролун аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. 2017-жылы турмушка чыккан соң, чыгармачылыктан алыстап кеткен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram












