«Электр энергияны үнөмдөгүлө». Токтогулдагы суунун аздыгынан өчүрүүлөр болушу мүмкүн

22-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,4 миллиард метр кубдан азайды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 миллиардга аз. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингден билдиришти. 

«Орточо суткалык суунун агып кирүүсү агып чыккан суудан үч эсе аз. Энергетиктер суу ресурстарын үнөмдөө жана келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча бардык чараларды көрүп жатышат. Ошону менен бирге, 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 20-февралына чейинки мезгилде бөлүштүрүүчү компанияларда электр энергиясын керектөө лимиттери саатына 975,1 миллион киловаттка же 9,9 пайызга ашыкча болгон, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу керектөө 0,6 пайызга азайган. Электр энергиясын керектөөнүн андан ары өсүшү Токтогул суу сактагычында суунун азайышына жана керектөөчүлөрдүн өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.

Буга байланыштуу Улуттук энергетикалык холдинг калкты дагы бир жолу энергетика тармагындагы түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана электр энергиясын керектөөгө туура мамиле кылууга чакырат. Жалпысынан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн республикага 6-8 миллиард метр куб суу керектелет», — деп айтылат маалыматта.