«Эми канча жашайбыз ким билет?». Хирургдар Эрнст Акрамов менен Мамбет Мамакеев 42 жылдан кийин элдешкен видео тарады

Хирургдар Эрнст Акрамов менен Мамбет Мамакеев 42 жылдан кийин көрүшкөн видео жарыяланды.

«40 жылдан ашык убакыт көрүшкөн жокпуз. Сен менин эң биринчи окуучум болдуң. Ошондуктан өткөндү эстебейли. Биз карыдык. Ал кезде сен жигит болчусуң. Мен бир да жерде сени жаман хирируг деп айткан эмесмин. Эми канча жашайбыз ким билет? Карылык өзүнүкүн алат экен. Окутуучу менен окуучу кечиришти. Муну баары билиши керек», — деди Мамакеев Акрамовго кайрылып.

№2 хирургия бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Кулбачаевдин айтымында, оорукананын жалпы жамаатын кубанткан жакшы окуя 17-мартта болгон. «Эки залкар кечиришти. Бул жакшы жаңылык болду», — деди ал. 

Дарыгерлердин айтымында, алар мындан 42 жыл мурда бири-бирине таарынып калышкан. Анын себебин өзүлөрү гана билет.