«Эмне гана дешпейт». Орусиянын өкмөт башчысы бет кап боюнча Акылбек Жапаровго жооп кайтарды (видео)

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Еревандагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бет кабын чечип сүрөткө түшүүдөн баш тартты. Делегация башчылары эстеликке сүрөткө түшүү аземинде Михаил Мишустин бет кабын чечкен жок.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйындын катышуучуларына бет кап кийүүнүн кажети жок экенин айтышканын билдиргенде, ага Михаил Мишустин «эмне гана дешпейт» деп жооп берди.