Эмне үчүн доллардын курсу түшүп жатат? Улуттук банктын түшүндүрмөсү

«Доллардын курсунун төмөндөөсүнө чет өлкө валютасынын сунушунун ага болгон суроо-талаптан артышы, ошондой эле Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валюталарынын долларга карата бекемделиши таасирин тийгизген». Улуттук банк валюта рыногундагы жагдай тууралуу маалымат таратты.

«Учурдагы өзгөрүлмө алмашуу курсу боюнча чет өлкө валютасынын курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо-талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныкталат. Мындан тышкары, Улуттук банк ички валюта рыногу боюнча катуу талап койгон жөнгө салуучу болуп саналбайт жана валюталар курсунун тенденциясын аныктабайт, ал алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жеңилдетүү максатын гана көздөйт.

Доллардын сомго карата курсунун төмөндөөсү боюнча айтсак, алмашуу курсу калктын жана ар кандай бизнес-коомчулуктун чет өлкө валютасына карата суроо-талабы менен сунушунун учурдагы балансынан түзүлөт. Суроо-талап жана сунуштун балансына тышкы сыяктуу эле, ички факторлор да таасирин тийгизет. Демек, доллардын курсунун төмөндөөсүнө чет өлкө валютасынын сунушунун ага болгон суроо-талаптан артышы, ошондой эле Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валюталарынын долларга карата бекемделиши таасирин тийгизген», — деп жазылат маалыматта. 

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында кечээ, 30-мартта Улуттук банк 5,4 миллион доллар суммасында чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча валюта интервенциясын жүргүздү