Социалдык түйүндөрдө мекенине кайтып келген жигит менен апасынын таасирдүү жолугушуусу тартылган видео тарады. Видеонун алдында «Эки жыл күткөн жолугушуу. Апам менин келгенимди билген эмес» деп жазылган.
Видео Кыргызстанда тартылган. Андагы жигиттин 26 жаштагы Нурадин Нурсейитов экени белгилүү болду. Анын айтымында, ал көптөн бери Москвада иштеп жүргөн.
«Мен кесибим боюнча юристмин, жогорку билимим бар. Бирок Москвага барып иштөөгө аргасыз болдум. Кайтып келгенде апама сюрприз кылгым келди, бирок апам сезип, күткөндөй болду. Көпкө көрүшпөгөндүктөнбү мен күтпөгөн эмоциялар болду. Видео дээрлик бир жыл мурун тартылган, бирок азыр эстелик катары жарыяланды», — деген ал казакстандык журналисттерге.
Анын айтымында, видео мынчалык популярдуулукка ээ болот деп күткөн эмес. Ал белгилегендей, ал учурда үй-бүлөсү менен Жалал-Абад шаарында.
@ake1as♬ Read All About It, Pt. III — Emeli Sandé