Энергетикалык холдинг Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук энергетикалык холдинг Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергетикалык холдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда.

«Аймактын бул энергетикалык системасы ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн электр энергиясын ыкчам түрдө өз ара жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу октябрь айынын башынан бери Тажикстандын энергетикалык системасынан электр энергиясы алына баштаган. Импорттолгон электр энергиясы Баткен жана Ош облустарынын лимиттен ашкан бөлүгүн камсыз кылууну шарттайт. Тажикстандан алынып жаткан электр энергиясы Борбор Азиянын Бириккен энергетикалык системасынын алкагындагы макулдашууларга жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык, импорттук же пландан тышкаркы агым катары каралышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Өткөн жуманын аягында энергетика министри Доскул Бекмурзаев 1-октябрдан тарта Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштаганын айткан. Президент Садыр Жапаров да «Тажикстан өз сунуштарын берип, алардан электр энергиясын ала баштадык» деп жазган болчу. Ал эми Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатып алууну сунуштабаганын билдирген.