«Энеси менин балам тирүү келет деп отурду». Үйдүн жалгыз уулу болгон Даниэлбек Малашев жерге берилди

«Энеси менин балам тирүү келет деп отурду». Тажикстандын кол салуусунан каза болгон үйдүн жалгыз уулу Даниэлбек Малашев жерге берилди. Бул тууралуу билдирүү соцтармакта жарыяланды.

24 жаштагы аскер кызматкери  Даниэлбек Малашев Сузак районунун Кара-Чолок айылынын тургуну болгон.

«Кош бол, Курманбек баатырдын урпагы, Көк Арт өрөөнүнүн туйгуну, кыргыз элибиздин эркиндиги, келечеги, жери үчүн, мекенин коргоодо Баткенде каза болгон баатыры. Бүгүн сени жерге бердик. Ыйлабаган адам калбады, кайраттуумун дегени да билгизбей, көз жашын сүртүп, топурак салды…

Аскердеги кызмат мөөнөтү аяктап, беш күндөн кийин барып калам деп ата-энесин бир кубантты эле. Атасы Алмаз Көк-Арт өрөөнүнүн балбандарынын урпагынан болгондуктан, балам келсе улакка чабат деп, ат жакшысын алып, таптап, апасы жалгыз уулуна айыл, тааныш-туугандарынын бойго жеткен кыздарын карап, келин алам деп, ак жоолугун камдап, отурганда ушундай каргаша болду. 

Айылда сөз тез тарайт, баласы каза болгонун укса да ишенбей, кайра-кайра менин балам эмес экен, адашып айтып алышыптыр деп, үйгө батпай жүрдү. Ким эле өз чүрпөсүн өлүмгө ыраа көрсүн. Телефондо бир күн мурда сүйлөшпөдүм беле деп коет. Менин балам тирүү келет деп үмүт үзгүсү келбей отурду байкуш эне. Аны көргөн тууган, айылдаштары ар бурчка бекинип, көз жашын тыя албай басып жүрдү.

Аскер адамдары Даниэльбектин денеси салынган табытты алып келишкенде, боздоп, өкүргөн үндөрдөн тоолор да силкинип алды», — деп жазылат билдирүүдө.