Эртең, 27-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +29…+31 градус болот.