Эртең, 14-июлда Бишкек шаарынын бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Энергетиктер чубалгыларга тоскоолдук жараткан дарактарды бутап, жабдууларды оңдошот.
Жарык өчө турган аймактар:
- 9:00дөн 17:00го чейин — Сагынбай манасчы көчөсүндөгү №221 үйдө, Фучик көчөсүндөгү №20 үйдө, 10-кичи районундагы №10 үйдө;
- 9:00дөн 18:00гө чейин — Кызыл-Кыя, Власов, 9-январь, Ден Сяопин, Патрис Лумумба, Дархан, Измайлов жана Саруу кууш көчө бөлүктөрүндө. Ошондой эле Ак-Босого (Чүй 5 көчөсү, Чүй 6 көчөсү), Ала-Тоо (Ала-Тоо, Ак-Булак, Орто-Арык, Ак-Кыя, Улук-Тоо, Сынташ, Кара-Сай көчөлөрүндө), Арча-Бешик (Чортеков, Күйүкова, 19-линия, Бах көчөлөрүндө) жана Ала-Арча (Матисаков көчөсү) конуштарында свет өчөт;
- 9:30дан 15:00гө чейин — Скрябин, Матросов көчө бөлүктөрүндө жана Елецкий кууш көчөлөрүндө;
- 9:30дөн 18:00гө чейин — Елебесов, Фирсов, Васильев, Гражданский көчө бөлүктөрүндө жана Кара-Жыгач кууш көчөсүндө, мындан сырткары, Чүй проспектиндеги №115, 117 жана 119 үйлөрүндө. Ошондой эле Эне-Сай, Дордой, Дордой-2 жана Келечек конуштарында жарык болбойт.