Эртең, 2-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин суу түтүктөрүн оңдоп түзөө иштерине жана түтүктөрдү жаз-жай мезгилине даярдоого байланыштуу борбор калаанын бир катар конуштарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Суу өчүрүлө турган мекеме, аймактар:
-Ак-Босого-1 конушу
-Ак-Босого-2 конушу
— Сары-Челек, Нуркен, Андижан жана Бухара көчөлөрү чектешкен аймактар, анын ичинде: № 81 мектепте, № 2 «Алтынай» бала бакчасында, № 14 ҮМБ, № 15 милициянын участкалык пунктунда жана № 16 муниципалдык аймактык башкармалыгында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.